КАМЕНСКИЙ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ
КАМЕ́НСКИЙ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Ысык-Көл р-нунда, Ананьев кыш-нан 6 км түндүктө, деңиз деңг. 1648–1701 м бийикте. 1984-ж. чалгындалган. Кен Чоң Байсоорун суусунун өрөөнүндө жайгашып, өзөндөгү аллювий катмарынан түзүлгөн. Пайдалуу катмар 36% сайташ, 45% шагыл, 19% кум кошундусунан турат. Чалгындалган калыңдыгы 10 м. Шагылда интрузия тектери 89%ке жетет. Кум-шагыл курулушта, жол курууда пайдаланылат. 1997-жылга карата баланстагы запасы: А – 66 миң м3, В – 670 миң м3, С – 1339 миң м3.