ИНТЕРНЕТ ПРОВАЙДЕР
ИНТЕРНЕ́Т ПРОВА́ЙДЕР , и н т е р н е т у ю шт у р г у ч у – белгилүү өлчөмдөгү акыга интернет м-н убактылуу байланышты камсыз кылуу укугун берүүчү мекеме. Интернет провайдер тармактын керек жерин башкарууга ж-а тизмесин пайдаланууга жардам берет. Айрым уюштургучтарга керек орундарды издөө ж-а ал орундар өзгөргөндүгүн билдирип туруу кызматтары жүктөлөт. Кырнгыз Республикасында Элкат (www.elcat.kg), Азия Инфо (www.asiainfo.kg) ж. б. мекемелер интернет кызматын көрсөтөт.