КАЛЬЯН
КА́ЛЬЯН – Индиянын батышындагы шаар.
Махараштра штатында. Араб деңизинин жээгинде, Улхас д-нын чатында жайгашкан. Калкы 1,3 млн (2008; Домбивли ш. м-н биригип кеткен). Т. ж. тоому. Мумбаи ш. м-н т. ж. аркылуу байланышат. Чоң Мумбаи агломерациясына кирет. Алгач б. з. ч. 4-к-да порт катары эскерилет. 19-к-дын башында Бомбей провинциясынын курамына (1947–60 Бомбей
штатында) киргизилген. Машина куруу (электр жабдуулары), металл иштетүү, нефть ажыратуу, хим. (боёктор, жуучу каражаттар ж. б.), текстиль (кебез-кездеме) ө. ж. ишканалары иштейт.