ЗЕЕБЕК ЭФФЕКТИСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:42, 7 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЕ́ЕБЕК ЭФФЕКТИСИ – удаалаш туташтырыл­ган, тийишкен жеринде температуралары ар башка, эки түрдүү өткөргүчтөн турган туюк электр чын­жырында электр кыймылдаткыч күчүнүн пай­да болушу. 1821-жылы немис окумуштуусу Т. И. Зее­бек ачкан. Өткөргүчтөрдүн тийишкен жерлери ар кандай температурада болгондо, алардын ички потенциалдарынын айырмасы да ар башка бол­гондуктан, электр тогу пайда болот. Бул учурда ички энергия электр энергиясына айланат, ал үчүн эки жылуулук булагы, башкача айтканда эки тиймек (тийишүүчү аянт) пайдаланылат. Зеебек эффектисине ыла­йык термоэлемент же термопараны колдонуп, температураны өлчөөгө болот. Термопара термометр­ге караганда өтө сезгич болгондуктан, температура чоң интервалда алыстан эле өлчөнөт. Зеебек эффектиси электр тогун алууда да колдонулат. Жарым өткөргүч­төн жасалган термоэлектр генератору Күн энер­гиясын түздөн-түз электр энергиясына айлан­дырат.