КАЛТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:01, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛТА – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Жыл-Алды айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1005 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 16 км түндүк тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 66 км. Калкы 1001 (2009); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана бар. Калта – «кыска» деген мааниде.