КАЛТА
КАЛТА – Ош обл-нун Өзгөн р-нундагы кыштак.
Жыл-Алды айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1005 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору
Өзгөн ш-нан 16 км түн. тарапта. Кара-Суу т. ж. бекетинен 66 км. Калкы 1001 (2009); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана бар.
К. – «кыска» деген мааниде.