КАШАТ (Ысык-Көл районундагы кыштак)
КАШАТ – Ысык-Көл р-нундагы кыштак. Темир айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1718 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Чолпон- Ата ш-нан 30 км чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 108 км. Калкы 3615 (2009); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, ФАП, клуб бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.