КАРАПЧЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАПЧЫ – байыркы жоокерлердин коргонуу куралы. Ал билекке, колдун кырк муунунан чыканакка чейин кийгизилген. К. алгач катуу жыгачтан, булгаары же кайыш капталган ши­риден, кийин металлдан жасалган. Чокмор, шылк этме, ай балта, кылыч, канжар окшогон куралдардан коргонуу үчүн колдонулган. К-ны атчан жоокерлер пайдаланган. Атма куралдар чыккандан кийин К. пайдаланылбай калды.