КАРАНДАШ (Михаил Николаевич Румянцев)
КАРАНДА́Ш (өз аты-жөнү – Михаил Николаевич Румянцев) (24. 11. 1901, С.-Петербург – 31. 3. 1983, Москва) – цирк артисти. CCCР эл арт. (1969), Соц. Эмг. Баатыры (1979). 1930-ж. цирк искусствосу техникумун бүтүргөн. Алгач Ч. Чаплинди туурап ойногон. 1934–35-ж. Ленинград циркинде франц. карикатурист-сүрөтчү Каран д– Аштын ысмын ылакап ат кылып алып– жаңы образдарды жараткан. К-тын каарманы – чоң эле киши– бирок анын бала кыял ж-а шайыр мүнөзү артистке күлкүлүү кырдаал түзүп– трюктарды ишенимдүү аткаруу үчүн мүмкүнчүлүк берген. К. акробат– гимнаст– жонглёр– дрессировщиктердин номерлерине катышкан. 1946-жылдан тартып клоун тобун жетектеген. Анын шакирттери: Ю. Никулин– М. Шуйдин ж. б. К. кинофильмдерге да тартылган («Карандаш муз үстүндө» ж. б.). Чет өлкөлөрдө гастролдо бол-

гон. Мамл. цирк ж-а эстрада өнөрү окуу жайына ысмы берилген, Ленин ордени м-н сыйланган.