КАРАМОЛДО Орозов

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАМОЛДО Орозов (өз аты – Токтомамбет; 1882, азыркы Ысык-Көл обл., Ысык-Көл р-ну, Ко­румду айылы – 8. 7. 1960, ошол эле жер) – залкар комузчу,

Кыргыз ССР эл арт. (1935). Москвада өткөн Элдик аспаптарда ой­ноочулардын Бүткүл союз­дук фестивалынын лауреа­ты (1939). 1939-жылдан СССР композиторлор союзу­нун мүчөсү болгон. 1928-ж. Бишкекке чакырылып, 30дай күүсүн А. В. Затае­вич нотага түшүргөн. 1931– 36-ж. чейин Кыргыз муз. драма театрынын, 1936– 54-ж. Кыргыз мамл. филар­мониясынын артисти. 1940–41-ж. СССР компо­зиторлор союзунун алдындагы обончу-компози­торлордун курсунда окуган. 1958–60-ж. М. Кү­рөңкөев атн. муз.-хореогр. окуу жайынын кыр­гыз эл аспаптар бөлүмүндө сабак берген. Кыр­гыз иск-восунун (1939), ад-ты м-н иск-восунун (1958) Москвада, 1942–44-ж. О. Азия респ-ла­рынын ж-а Казакстандын Фрунзеде, Ташкент­те өткөн муз. он күндүктөрүнө катышкан. «Сын­ган бугу», «Көкөй кести», «Такмаза», «Жөө кал­ды», «Кара өзгөй», «Чоң кербез», о. эле акыл­насыят ж-а филос. маанидеги «Насыйкат», «Ибарат», «Дүнүйө» ж. б. күүлөрдү чыгарган.
К-нун күүлөрү («Ибарат», «Сынган бугу», «Көкөй кести» ж. б.) бир нече симф. ж-а опералык чы­гармалардын, о. эле Кыргыз мамл. филармония­сынын эл аспаптар оркестринин репертуарынын уюткусун түздү. 1951-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. К. Эмгек Кызыл Туу, эки «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. 1961-ж. Кыргыз мамл. филармониясынын эл аспаптар оркес­трине ж-а Нарын ш-ндагы муз. мектепке, Ко­румду айылындагы орто мектепке, көчөгө ысмы берилген. Музыка изилдөөчү Б. Алагушов Ка­рамолдонун музейин анын айылында ачкан, «Ка­рамолдо» (1962), «Карамолдонун күүлөрү» (1977) аттуу китептерди жазган.