КАРА-ТЕКТИР КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ТЕКТИР КӨРҮСТӨНҮ – б. з. 1–6-к-дагы хунн урууларынан же усундардан калган дөбө­мүрзөлөр. Кетмен-Төбөдөгү Көөдүл кыш-нын жа­нында жайгашып, 350дөн ашык мүрзөдөн ту­рат. Казанактуу 80 мүрзө изилденген. Алардан карапа, жыгач идиштер, койдун жамбаш ж-а куймулчак сөөктөрү, бычак, жаа, темир учтуу жебелер, темир тогоо, акак таш чөгөрүлгөн ал­тын сөйкө табылган. 1959, 1964–65-ж. архео­лог Ы. Кожомбердиев казып, изилдеген.