КАЛМАК-КЫРЧЫН
КАЛМАК-КЫРЧЫН – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Курманбек атындагы айыл округуна караштуу. Көгарт суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1550 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 67 км түндүк-чыгыш тарапта. Багыш темир жол бекетинен 40 км. Калкы 1340 (2007); негизинен аарычылыкта эмгектенип, мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, Курманбек баатырдын күмбөзү бар.