КАЛМАК-КЫРЧЫН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛМАК-КЫРЧЫН – Жалал-Абад обл-нун Су­зак р-нундагы кыштак. Курманбек атн. айыл округуна караштуу. Көгарт суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңг. 1550 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Сузак кыш-нан 67 км түн.-чыгыш тарапта. Багыш т. ж. бекетинен 40 км. Калкы 1340 (2007); негизинен аарычылыкта эмгек­тенип, мал м-н алектенет. Орто мектеп, ки­тепкана, ФАП, Курманбек баатырдын күмбөзү бар.