КАЛКТЫН ТАБИГЫЙ ӨСҮШҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛКТЫН ТАБИГЫЙ ӨСҮШҮ – белгилүү мөөнөттө төрөлгөндөр м-н өлгөндөрдүн ортосун­дагы сандык айырма. Калктын ургаалдуу өсүшүнүн жалпы мүнөздөмөсү; ал 1000 кишиге карата табигый өсүү коэфф. м-н эсептелет. Ев­ропада ал 0,1‰, Африкада 2,8‰ ж. б. Эң көп көрсөткүч Оманга (3,9‰), ал эми эң азы Латвия (–1,6‰) м-н Эстонияга (–1,4‰) таандык. Калк­тын ротациясы анын жаңыланып турушунун ылдамдыгын мүнөздөйт. Ал интегралдык көр­сөткүч болгондуктан, төрөлгөндөр м-н өлгөндөр­дүн жалпы коэфф-терин суммалоодон алынат. Ал бүгүнкү күндө дүйнө б-ча 3,2‰ге барабар. Мындан тышкары К. т. ө-нө тиричилик коэфф. (өлгөн 100 адамга карата төрөлгөндөрдүн са­ны), аялзат калкынын жаңыланып туруусу­нун коэфф-и – Брутто (бир аялдан төрөлгөн кыз бал дардын с аны) ж-а Нет т о (би р аялдан төрөлгөн кыз балдардын энесинин орто жашы­на жетип калгандарынын саны) кирет. Эгерде Нетто 1ден кичине болсо, калктын санынын азайышы байкалат. Кырг-нда К. т. ө. 47‰ге (2008) барабар.