КАЛКА СУУСУНДАГЫ САЛГЫЛАШУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛКА СУУСУНДАГЫ САЛГЫЛАШУУ (1223) – орус ж-а кыпчак аскерлеринин моңгол-татар ас­керлери м-н алгачкы беттешүүсү. Бул салгыла­шуу 1223-ж. 31-майда азыркы Украинанын До­нецк обл-ндагы Кальмиус д-нын куймасы Кал­канын (азыр Кальчик) жээгинде өткөн. 1222– 23-ж. моңгол аскерлери (30 миңдей) Түн. Кара деңиз өндүрү аймактарын басып алып, кыпчак­тарды талкалаган. Кыпчак ханы Котян жар­дам сурап, орус княздарына (Галиция князы, күйөө баласы М. М. Удатный) кайрылган. Натый­жада 1223-ж. Киевде орус княздарынын жыйы­ны өтүп, алар моңголдорго каршы жортуулга чы­гарын билдиришкен. Бирок саны 20 миңге жет­пеген орус ж-а кыпчактардын биргелешкен ас­керлери Жебе ж-а Субэдей башында турган моң­гол-татарлардан жеңилип, аман калгандары Днепрдин ары жагына качкан. Моңголдор кай­радан Калка суусунан өтүп, орус аскерлерин кур­чоого алган. Үч күн салгылаштан кийин, орус­тардын негизги аскер күчтөрү багынууга мажбур болгон, к. Моңгол империясы, Чыңгыз хан.


Ад.: Рашид-ад-Дин. Сборник летописей. Т. 1. М.; Л., 1952; Хара Даван Э. Чингис-хан как полководец и его наследия. А., 1992; Астайкин А. Первое столк­новение русских с монголами // «Арабески» истории. М., 1996. Вып. 3.