КАЛК
КАЛК , к а л а й ы к – Жер жүзүндө же анын айрым бөлүгүндө (бир же бир нече өлкөдө, райондо, шаарда) жашаган бардык адамдар. Улам толукталып, жаңырып турат. Өндүрүштүн ж-а бүткүл коомдук мамиленин негизин түзөт. Калкты демография илими изилдейт. Биологиялык, географиялык, социалдык-экономикалык себептен калкта түрдүү процесс болуп турат. Социалдык-экономикалык факторлор калктын өнүгүшүнө чечүүчү таасир тийгизет. Калк проблемалары адамдын биологиялык тегине, айлана-чөйрө м-н өз ара байланышына (к. Жер, Географиялык чөйрө, Биосфера), коомдук формациялардын өнүгүшүнө жараша болот, анткени калктын эмгекке жарамдуу бөлүгү коомдун негизги өндүргүч күчү болуп саналат. Калкты мүнөздөөчү негизги көрсөткүчтөргө өсүп-өнүгүү (төрөлүү, никелешүү, өлүм-житим, табигый өсүү); жайгашуу, урбанизация, миграция; жыныс ж-а курагы боюнча курамы, үй-бүлөлүк абалы, билим деңгээли, расасы, тили, этностук, диний курамы (к. раса, этнография) кирет. Палеолит доорунун аягында (болжол м-н б. з. ч. 15-миң жылдык) калктын саны 3 млн, неолиттин аягында (б. з. ч. 2-миң жылдык) – 50 млн, б. з. башында Жерде 230 млнго жеткен, б. з. 1-миң жылдыгынын аягында – 275 млн, 1900-жылы – 1,6 млрд адам болгон; учурда дүйнө калкынын саны 7 млрддан ашты (2011). Калктын саны боюнча ири өлкөлөр (2010): Кытай 1 338 млн, Индия 1 156 млн, АКШ 307 млн, Индонезия 240 млн, Бразилия 198 млн, Пакистан 174 млн, Бангладеш 156 млн, Нигерия 149 млн, Россия 143,5 млн адам. Кыргызстандын калкы 2011-жылы 5,5 млн адамга жеткен. Дүйнө калкынын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 40 киши, бирок бардык жерде бирдей эмес (1 км2 жерге Австралия м-н Океанияда 4, Батыш Европада 100 киши туура келет). Кургактыктын 7%инде дүйнө калкынын 70%и жайгашып, 30%инде киши жашабайт.