КАЛИНИН (Ат-Башы районун­дагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛИ́НИН – Нарын обл-нун Ат-Башы р-нун­дагы кыштак. Ак-Талаа айыл округуна караш­туу. Деңиз деңг. 2190 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ат-Башы кыш-нан 20 км түш.-батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 245 км. Калкы 2855 (2007); негизинен мал ба­гат. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.