КАЛИНИН (Жайыл районундагы кыштак)
КАЛИ́НИН – Чүй обл-нун Жайыл р-нундагы кыштак. Красный Восток айыл округуна караштуу. Бишкек – Ташкент автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 729 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а т. ж. бекети Кара-Балта ш-на туташып кетет. Калкы 3805 (2007); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, амбулатория, медпункт ж-а дарыкана бар. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры М. Э. Скворцова туулган.