КАЛЕСНИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЕ́СНИК Станислав Викентьевич [10(23). 1. 1901, Санкт-Петербург – 13. 9. 1977, Ленинград] – гляциолог ж-а физ. географ. СССР ИАнын ака­демиги (1968; корр. мүчө, 1953). 1929-ж. Ленин­град ун-тин бүтүргөн. 1950-жылдан анда физ.- география кафедрасынын башчысы. 1936–37-ж. арктика деңиздеринде сүзүп, Жаңы Жер ж. б. арал дарды и зилдеген. 1955-жылдан СССР ИАнын Көл таануу ин-тунун директору. Эмгек­тери негизинен жалпы жер таануу, ландшафт ж-а гляциологиянын теорияларына, Борб. Те­ңир-Тоо м-н Жунгар Ала-Тоосунун геоморфоло­гиясына арналган. Гляциология ж-а физ. гео­графияга – хионосфера, муздуктун энергиясы,

геогр. структура ж. б. жаңы түшүнүктөрдү, тер­миндерди киргизген. 1964-жылдан СССР геогра­фия коомунун президенти. Эл аралык геогр. союздун вице-президенти (1968–72). Краков ж-а Фин (Турку) ун-ттеринин ардактуу доктору. Эки Ленин, Эмгек Кызыл Туу ж. б. орден ж-а ме­далдар м-н сыйланган. Иле ж-а Жуңгар Ала- Тоосундагы, Уюлдук Уралдагы мөңгүлөр К-тин ысмынан аталган.


Эмг.: Горные ледниковые районы СССР. М.; Л., 1937; Основы общего землеведения. М., 1955; Совре­менное состояние учения о ландшафтах. Л., 1959; О классификации географических наук//XIX Междуна­родный географический конгресс в Стокгольме. М., 1961; Очерки гляциологии. М., 1963; Энциклопеди­ческий словарь географических терминов. М., 1968 (гл. ред.); Общие географические закономерности Земли. М., 1970.


Ад.: Краснопольский А. В. Отечественные географы (1917–1992). СПб., 1993. Т. 1.