КАЛЕСАЙ (КӨӨЛҮҮ-САЙ) БЕРИЛЛИЙ КЕНИ
КАЛЕСАЙ (КӨӨЛҮҮ-САЙ) БЕРИ́ЛЛИЙ КЕНИ Чүй обл-нун Кемин р-нунда. Кемин т. ж. бекетинен 43 км түн.-чыгышта, Куутессай II кенинин карьеринин түш.-чыгышында, Ак-Түз кыш-нан 1,8 км батышта, деңиз деңг. 2600 м бийикте жайгашкан. 1959–68-ж. чалгындалып, запасы эсептелген. Кен ядросу протерозойдогу гнейстүү ак-түз свитасындагы ак-түз антиклиналында жайгашкан. Анын протерозойдогу көпүрө-сай свитасынын амфиболдуу сланецтерден түзүлгөн канаттарына Түн. ж-а Түш. деп аталган эки кенташтуу аймак туура келет. Бериллий минералдашуусу талаа шпаты-флюоритфенакиттин өтө жука (ммден 2,5 смге чейин) тарамдары м-н байланышкан. Сланецтеги тарамдар чогулуп, штокверкти түзөт. Түн. штокверк аймагында 253 кенташ тарамы бар, штокверктин калыңдыгы 200 м, уз. 800 м. Түш. штокверктин калыңдыгы 200 м, уз. 1600 м, анда 700 кенташ тарамы бар экендиги аныкталган. Негизги минералы – фенакит, андан башка гетгельвин, гельбертрандит, бавенит, баверит, берилл, миларит минералдары кездешет. Бериллий кычкылынын орт. өлчөмү – 0,127%, запасы С1 категориясы б-ча 10170 T , С2 – 1531 T .