«КАМБАРКАН» ЭТНОГРАФИЯЛЫК-ФОЛЬКЛОРДУК АНСАМБЛИ
«КАМБАРКАН» ЭТНОГРАФИЯЛЫК-ФОЛЬКЛОРДУК АНСАМБЛИ Ч. И с а б а е в атындагы музыкалык коллектив. 1987-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын алдында уюшулган. Ансамбль Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (2002). 1997-жылы Ч. Исабаевдин ысмы берилген. Ансамбль комуз, кыл кыяк, сурнай, керней, жылаажын, сыбызгы, темир жана жыгач ооз комуз, аса таяк, зуулдак, дирилдек, добулбас, чоор, чопо чоор, доол жана башка элдик музыкалык аспаптардан турат.

Аларды Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, уста О. Кенчинбаев жасаган. Ансамблдин негизги репертуарын комузчулар М. Күрөңкөев, К. Орозов, Ы. Тумановдун, обончулар Б. Эгинчиев, Ж. Шералиев, М. Баетов, А. Огомбаев, К. Тагаев, Р. Абдыкадыров жана башкалардын чыгармалары түзөт. Ансамблдин коштоосунда С. Садыкова, Н. Абдрахманов, Б. Шатенов, Д. Кангелдиева жана башка ырчылар концерт тартуулап турушат. 1993-жылдан ансамблдин көркөм жетекчиси Э. Жумабаев, дирижёру Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Р. Жумакунов. Ансамблге 2000-жылы Германияда өткөн Бүткүл дүйнөлүк ЭКСПО – 2000дин алтын медалы ыйгарылган. Көз карандысыз мамлекттер шериктештиги өлкөлөрүндө, Түркия, Жапония, Франция, Кытай, Германия жана башкаларда гастролдо болгон.