КАЛДЫБАЕВ Кадырбек
КАЛДЫБАЕВ Кадырбек Абдылдаевич [3. 2. 1947-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Пржевальск (азыркы Каракол) шаары] – физик, физика-математика илимдеринин доктору (2001), профессор (2003). КРдин Инженердик академиясынын академиги (2004). КМУну (1971), СССР ИАнын А. В. Шубников атындагы Москва кристаллография институтунун аспирантурасын (1976) бүтүргөн. Кыргыз ССР ИАнын Органикалык эмес ж-а физикалык химия институтунда (1976–79), ПМПИде доцент, кафедра башчысы, декан (1979–88), КМУнун Пржевальск филиалында директордун орун басары, 1991–99-ж. К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик угиверситетинде проректор. Россия ИАнын Москва Кристаллография институтунда (1999–2001), 2001– 03-ж. Ысык-Көл мамлекеттик университетинде, 2003–08-ж. Кыргыз билим берүү академиясында президент, ЭББПИИде проректор (2008–09), 2009-жылдан И. Арабаев атындагы КМУда институттун директору. Катуу заттардын физикасы боюнча адис. Калдыбаевдин 50дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 1 монография, 1 ойлоп табуу, 12 окуу куралы жарык көргөн.
Эмг .: Гиротропия одноосных поглощающих кристаллов (в соавторстве). М., 2000.