КАЛАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
КАЛАЙ (лат. Stannum), Sn – элементтердин мезгилдик системасынын IV тобунда жайгаш­кан химиялык элемент; атомдук номерни 50; атомдуцк массасы 118,69. Та­биятта 10 изотоптун аралашмасынан турат. Ли­тосферанын 8.10–3 %ин түзөт. Калай  – күмүш сыяк­туу ак, жумшак, жалтырак, ийилгич металл; эрүү t 231,9°C; кайноо t 2687°С. Химиялык бирикме­леринде II ж-а IV валенттүү. Кадимки шартта калай химиялык  таасирлерге туруктуу.   Абада жай кычкылданат ж-а ме­таллдын бетинде пайда болгон жука оксид кабыкчасы (SnO2) ан­дан ары кычкылдануудан сак­тайт. Фтор, хлор м-н кошулуп, SnF4, SnCl2 сыяктуу бирикмелер­ди пайда кылат. Күкүрт м-н ысыт­канда сульфиддер SnS, SnS2 алы­нат. Калайдын магний м-н куймасын  кислотанын таасири м-н ажыратканда  калай гидриди  SnH4 - уулуу газ алынат. Азот, аммиак м-н кошулбайт. Көмүртек, кремний  м-н реакцияга кирбейт. Көпчүлүк металлдар м-н куймаларды берет Калайдын жез м-н болгон куймасы коло байыртадан бери белгилүү.  Суюлтулган кислота ж-а жегичте жай эрийт. Кон­центрацияланган щелочто эриткенде калайлуу (H2SnO2) ж-а  Калай  кислотасынын туздары (станиттер ж-а станаттар) пайда болот. II валенттүү калай туздарынын көпчүлүгү - түссүз, сууда жакшы эриген заттар. Ал негизинен калай  кенинен алынат. Мисалы, SnO2ни көмүртек же көмүртек (II) оксиди м-н калыбына келтирүүдөн алынат: SnO2 + 2C = Sn + 2CO; SnO2 + 2CO = Sn + 2CO2. Алынган калайдын 40%ы тамак-аш өнөр жайында (тамак-ашты ороо үчүн), под­шипниктерди, басмакана куймаларын алуу, буюмдарды каңдоодо,  сүрөт өнөр жайында боёк чыгарууда  колдонулат. Калайдын алтын ж-а күмүш м-н куймасынан тиш салынат.