КАКЫР-ПИЛТАН
КАКЫР-ПИЛТАН – Ош облусунун Араван районундагы кыштак. Нурабад айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 655 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыштагынан 10 км түндүк-чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 40 км. Кыштак 1935-жылы негизделген. Калкы 1456 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, дарыкана бар. Соода түйүндөрү, тамактануу жайлары иштейт.