КАКТООЧУ МАШИНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:35, 14 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАКТООЧУ МАШИ́НА – көк чай жалбырагын алдын ала кургатуучу аппарат. Чай жалбыра­гынын нымдуулугун 75–78%тен 61–62%ке че­йин жеткирет. Кактоочу машина туюк металл камерадан жана анын ичинен үстү-үстүнө туурасынан жайгашкан тилке-тилке болгон конвейерлерден турат. Кон­вейердин кыймылына жараша чай жалбырак­тары төмөн карай которулат. 45–48°Сге чейин ысытылган аба конвейер аркылуу жиберилип чай жалбырактарын кактайт.