КАЙТАЛАНБАС ЖАНА КАЙТАЛАНМА РЕАКЦИЯЛАР
КАЙТАЛАНБАС ЖАНА КАЙТАЛАНМА РЕАКЦИЯЛАР – химиялык реакциялардын түрлөрү. Кайталанбас реакциялар реакцияга кирүүчү заттардын бирөөнү толугу м-н сарп кылганга чейин, башкача айтканда аягына чейин жүрүп, чөкмө, газ же начар диссоциациялануучу заттарды пайда кылат., BaCl + HSO → BaSO + 2HCl. 2 2 4 4. Мындай реакцияларга углеводороддордун күйүүсү, жарылгыч заттардын ажырашы ж. б. кирет. Кайталанма реакциялар аягына чейин жүрбөйт, себеби реакция учурунда реакцияга кирүүчү заттар толугу м-н сарпталбайт. Натыйжада реакция карама-каршы багытта жүрүп калышы мүмкүн, мисалы, H2 + J2!:+2HJ. Реакциянын багыты реакцияга кирген заттардын концентрациясына көз каранды. Системада пайда болгон заттардын концентрациясы баштапкы заттардын концентрациясынан аз болсо, реакция продуктунун пайда болуу багытында жүрөт, Ал эми концентрациясы көп болсо, ал кайра ажырап, баштапкы затты пайда кылат: 2HJ→H2 + J2. Кайталанма реакциялардын теңдемелеринде барабардык белгиси эки багытты көрсөткөн белги м-н алмаштырылат. Реакциянын эки багытынын ылдамдыгы бирдей болсо, химиялык тең салмактуулук абал түзүлөт.