КАЙСЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:38, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙСЕРИ – Түркиянын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Кайсери илинин административдик борбору. Эржияс жанар­тоосунун түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1050 м бийикте жайгашкан. Калкы 730,3 миң (2008). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Ал­гачкы тургун жайлар б. з. ч. 3-миң жылдыкта пайда боло баштаган. 1064-жылы селжук султаны Алп-Арслан тарабынан басып алынып, Коний (Рум) султандыгынын маанилүү борборуна ай­ланган. 1243-жылы моңголдор ээлеген, 1515-жылы Ос­мон империясынын курамына кирген. Шаардын байыркы бөлүгү византия дубалдары (6-кылым) м-н курчалган. Борбордук бөлүгүндө бедестан (1497), көптөгөн мечиттер, медреселер, Гевхер-Несибе медицина борбору, Хунат-хатун комплекси, мавзо­лейлер, музейлер, университет (1978), жогорку мектеп (1893) ж. б. бар. Машина куруу (самолёт ж-а автомобилдерге тетиктер, тиричилик техника­лары), металлургия, электр-техника, тамак-аш, тек­стиль, жыгаччылык өнөр жай ишканалары иштейт. Салттуу кол өнөрчүлүк (килем токуу, алтын зер буюмдарды жасоо) өнүккөн. Туризмдин (тоо лыжа спорту, альпинизм, жөө жүрүш, рафтинг) борбору.