ИДРИСИ
ИДРИ́СИ (al-Idrisi) 1100, Марокко, Сеуте – 1161 же 1165 – өлгөн жылы белгисиз] – араб географы ж-а саякатчысы. Кордовадан билим алган. Сицилия королу Рожер IIде кызмат өтөгөн. Анын өтүнүчү м-н «Рожердин китеби» (1145) деген китеп жазган. Анда Европа ж-а Африка жөнүндө кызыктуу тарыхый ж-а тарыхый-географиялык маалыматтар камтылган. Пиреней жарым аралына, Францияга, Англияга, Кичи Азияга саякат жасап, ал өлкөлөр тууралуу маалымат чогулткан. Ал дүйнөнүн картасын түзгөн.