ИБН ХОРДАДБЕК
ИБН ХОРДАДБЕК , Абу-л Касым Убайдуллах ибн Абдаллах ибн Хордадбек (820–912) – араб географы, тарыхчы. Иранда туулуп, Багдаддан билим алган. Ибн Хордадбек Аббасид халифатынын администрациясында иштеп, ал-Жибал аймагында почта бөлүмүнүн башчысы, көзөмөлдөөчү кызмат (сахиб ал-барид ва-л-хабар) аткарган. Анын калеминен бир нече эмгек жаралган, бирок бизге жалгыз гана хижранын 232-ж. (846–47) жазылып, кийин кошумчалар м-н кеңейтилген географиялык китеп – «Китаб ал-масалик ва-л-мамалик» («Өлкөлөр м-н жолдордун китеби») жеткен. Ибн Хордадбек кызмат абалына байланыштуу көптөгөн даректүү маалыматтарды пайдаланган. Анын эмгегинде ар кайсы өлкөлөрдүн, өзгөчө Ирак, Хорасан ж-а Орто Азиянын тарыхый-географиялык абалы м-н ал жердеги аймактар, шаар-кыштактардын, почта бекеттеринин, жолдордун жайгашышы, соода иши, киреше булактары жөнүндө маалыматтар келтирилген. Ибн Хордадбектин чыгармасында Кыргызстандын азыркы аймагындагы соода жолдору м-н шаарлар ортосундагы аралыктар үзүндү түрүндө кезигет. Географиялык бул эмгекте Ортоңку ж-а Борбордук Азиядагы түрк тилинде сүйлөгөн элдер м-н уруулар саналып, анын ичинде кыргыздар (хирхиз) болгону да белгиленген. Анын чыгармасын француз тилине Де Гуе которуп, «Араб географтарынын китепканасы» деген 6 томдуктун биринде жарык көргөн. Ибн Хордадбектин эмгегинен ал-Йакуби (9-кылым), Ибн ал-Факих (9–10-кылымдар), Ибн Руст (10-кылым), Ибн Хаукал (10-кылым), ал-Мукаддаси (10-кылым), ал-Казвини (13-кылым) ж. б. пайдаланышкан.
Ад.: Крачковский И. Ю. Арабская географическая литература // Изб. соч. Т. IV. М.; Л., 1957; Источниковедение Кыргызстана. Б., 1996; 2-е доп. изд. 2004.
Т. Жуманалиев.