КАЙЕННА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:42, 7 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЕ́ННА – Гвиананын (франциялык) административдик борбору, шаар. Кайенна дарыясы Атлантика океанына куйган жерде жайгашкан. Калкы 68,9 миң (2008; агло­мерациясында 100 миңден ашык). Деңиз порту [жылына 650 миң т (сыртка негизинен консер­валанган креветка, ром, жыгач чыгарат; 2006) контейнер терминалы]. Эл аралык аэропорту бар. Кайеннаны 1643-жылы француздар Ла-Равардье деген ат м-н негиздеген. 1777-жылдан азыркыдай аталып, шаар статусуна ээ. 1817-жылы толугу м-н Франциянын карамагына өткөн. 18-кылымдын аягы 20-кылымдын 1-жарымынан саясий сүргүнгө айдал­чу жер катары пайдаланып келди. Колониялык доордун курулуштары (креолдордун үйлөрү) сак­талып калган. Институттар (анын ичинде Пастердин, Гвиа­на илим-изилдөө), Гвиана Антил университетинин филиалы, китепканалар, музейлер бар. Шаардагы эмгек­ке жарамдуу калктын 85% тейлөө чөйрөсүндө эмгектенет. Ром өндүрүлөт. Тамак-аш (деңиз продуктуларын консервалоо), жыгаччылык өнөр жай ишканалары иштейт. Жыл сайын январдан ап­релге чейин дүйнөдөгү эң ири карнавалдардын бири өткөрүлөт. Кайеннадан 50 км алыстыкта Куру космос борбору ж-а космодрому (1968; Франция юрисдикциясында турат) жайгашкан.