КАХЕКСИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАХЕКСИ́Я (kakjs – жаман ж-а htxis – абал) – организмдин өтө начарлап, физ. алсыздануусу. Мында өтө арыктап, тери бырышып кургайт, бардык орган ж-а ткандары жабыркайт, май ткандары түгөнүп, булчуңдар, ички органдар ки­чирейип, кан сары суусундагы белоктор азаят, ак шишик басып, кээде психика бузулушу мүмкүн. Анын пайда болушуна узакка жетиш­сиз тамактануу же ачка болуу, зат алмашуунун өтө бузулушу, мышьяк, коргошун, сымап, фтор м-н өнөкөт уулануу, тамак сиңирүү жолунун оор жабыркашы себеп болот. О. эле туберкулёз ж. б. өнөкөт оорулардын оор өтүшү, айрым ички сек­реция бездеринин (гипофиз, калкан сымал без, уйку бези ж. б.) жабыркашы, кызыл өңгөч, ка­рындын рак шишиктери ж. б. да К-га алып ке­лиши мүмкүн.