КАФКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́ФКА Франц (3. 7. 1883, Прага – 3. 6. 1924, Вена, сөөгү Прагага коюлган) –

австралиялык жазуучу. 1901–06-ж. Париж ун-тинин юридика ф-тинде окуган. Чыг-лыгы 1909-жылдан баш­талган. «Өкүм» (1913), «Ко­чегар» (1913), «Кубулуу» (1916), «Америка (1914), «Процесс» (1915), «Сепил» (1922) романдарында ж-а икая формасындагы аңгеме­леринде бурж. дүйнөдөгү адамдын трагедиялык тур­мушу, алсыздыгы көрсөтүл­гөн. Коркунучтуу окуялар­ды ж-а таң каларлык кубу­луштарды сүрөттөөдө («Кубулуу» жыйнагы, 1916) чындыктын өзүнө окшотуп жазган стили м-н өзгөчө таасирдүүлүккө жеткен. Мүнөзгө эмес, мүнөздүүлүккө (коркуу, өкүнүү, куса болуу ж. б. учурларга) өзгөчө көңүл бурганы К-ны экспрес­сионисттерге жакындаштырат. Айрым чыгарма­лары кыргыз тилине которулган.


Чыг.: Избр., М., 1989; Кубулуу. «Тулпар»,– ¹ 1– 2, 1993.


Ад.: Затонский Д. В. Кафка и проблемы модер­низма. 2-е изд. М., 1972; Зусман В. Г. Художествен­ный мир Ф. Кафки: Малая проза, Н. Новгород, 1996.