КАТМАР СУУЛАРЫ
КАТМАР СУУЛАРЫ – чөкмө тектердин арасындагы ж-а суу өткөрбөөчү катмарлардын ортосундагы суулар. Тереңдикте саны м-н басымы артат. Суу өткөрбөөчү катмарлардын ортосунда кысылып, күчтүү басымга ээ болот. Тектон. жаракалар м-н өйдө көтөрүлүп чыгып, фонтан болуп атылат. Артезиан булактары пайда болот, к. Артезиан булактары.