КАТМАНДУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТМАНДУ́ – Непал Королдугунун борбору (1769-жылдан), шаар. Катманду анчолунун (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Гималайдын тоо аралык өрөөнүндө, Жомолунгма (Эверест, 8848 м) чокусуна жакын жайгашкан. Калкы 911,1 миң (2009; агломерациясында 1,6 млн).

Катмандуга жакын жердеги дүйнөдөгү эң ири будда пагодасы.

Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. К-ну 723-ж. Непал монархы Гунакамадев негиздеп, Лалитпурдан борборду көчүрүп келген. Алгач Кантипур деп аталган. Шаардын негизги бөлү­гүндө 17–18-к-дын мүнөздөрү сакталган. Борб. бөлүгүндө классицизм стилиндеги Нараянхити- Дарбар король ак сарайы (20-к-дын башы), Катх- Мандир жыгач пагодасы (1596), Бхимсен муна­расы (1825) ж. б. ак сарайлар ж-а «Хануман Дхока» (15–18-к.), Пашупатинатх (13-к.) храм­дар комплекси, неоклассика стилиндеги ак са­райлар (20-к-дын башы) ж. б. бар. Катманду өрөөнүнүн арх-ралык эстеликтери (800дөн ашык) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирги­зилген. Шаарда көптөгөн кустардык көркөм өнөрканалар (зер ж-а жасалга-колдонмо өнөр буюмдары, карапа; килем токуу), жеңил [бул-


гаары–бут-кийим, текстиль (кебез кездеме), жут ж-а кийим тигүү], тамак-аш (кант), фармацев­тика (дары чөптөрдүн негизинде), курулуш ма­териалдар (цемент, кыш, черепица) ө. ж. ишка­налары иштейт. К. – өлкөнүн ири маданий ж-а ил. борбору. Король академиясы, ун-ттер, кол­леждер, китепканалар (а. и. ири «Бир лайбре­ри», 14-к.; байыркы миниатюралуу кол жазма­лар топтому, китеп сакталуучу жайында непал, невари, санскрит ж. б. тилдердеги 15 миңден ашык кол жазмалар сакталып турат (пальма жалбырагына жазылган эң байыркы кол жаз­мага 1600 жыл), музейлер (а. и. улуттук, ну­мизматика), театр бар. Буддисттердин диний борбору. К-да о. кылымдын курулуштары сак­талып, кыш м-н жыгачтан салынган 2–3 ка­баттуу үйлөр м-н кууш көчөлөр басымдуу. Шаар­дын борб. бөлүгүндө Тундикхел аянты, андан алыс эмес Непал королдорунун Нараянхити- Дарбар ак сарайы жайгашкан. Шаар жер ти­тирөөдөн (өтө катуу 1833, 1934) жабыркаган.
К. – туризмдин дүйнөлүк борборлорунун бири.
Театр фестивалдары, Түш. Азия оюндары (1984, 1999) өткөрүлүп турат. К-нун чет жакасынан мрамор казылып алынат.