КАТАЛИЗАТОРЛОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТАЛИЗАТОРЛОР – реакция учурунда сарп­талбаган, бирок анын ылдамдыгын өзгөртүүчү заттар. К. хим. аракеттенүүгө катышат, бирок баштапкы салмагын ж-а курамын калыбына келтире алат. Гомогендик реакцияларда процесс реакциялануучу көлөмдө жүрсө, гетерогендик реакцияларда К-дун сырткы бетинде жүрөт. К-дун процесске тийгизген таасирин арттыруу


үчүн аралаштыруу же ысытуу керек. К-дун бе­тинин аянтын көбөйтүш үчүн майдаланган, те­шиктүү такталарды, торчолорду колдонуу ың­гайлуу. К-дун активдүүлүгү – анын негизги мү­нөздөмөсү. Ал массанын, көлөмдүн концент. же үстүңкү бетинин бирдиги м-н аныкталат. 1 м2 К-дун үстүңкү бетине туура келген активдүүлүк өздүк катализатордук активдүүлүк деп аталат. К. реакцияга тандама таасир этет. Мис., ар түр­дүү К-ду пайдалануу м-н этил спиртинен түрдүү заттарды алууга болот. К-дун түрү көп. Кисло­та-негиздик реакцияларга: сууда эрүүчү к-тата­лар, негиздер, катуу оксиддер, алюмосиликат­тар, галогендер, комплекстүү бирикмелер ж. б. кирет. Ал эми окистенүү-калыбына келүү реак­цияларында металлдар (М, Ni, Fе, Со ж. б.) ж-а алардын бирикмелери, оксиддер, сульфид­дер ж. б. колдонулат.