КАТАЛИЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТА́ЛИЗ (гр. katflуsis – бузулуу) – катализа­торлордун таасири м-н реакциянын ылдамды­гынын өзгөрүшү. Ал гомогендүү ж-а гетерогендүү болуп бөлүнөт. Реакцияга кирүүчү заттар м-н катализатор бирдей фазада аракеттенишсе (газ же эритме), гомогендүү, ар түрдүү фазада болсо, гетерогендүү К. деп аталат. Мис., гомогендүү К-ге гидроксил м-н суутек иондорунун жардамы аркылуу жүрүүчү к-та негиздик К. кирет. Хим. ө. ж-нда продукциялардын көпчүлүк бөлүгү ге­терогендүү К-дин жардамы м-н алынат. Гетеро­гендүү К. учурунда реакция катализатордун үстүңкү бетинде өтөт. Демек, катализатордун активдүүлүгү анын үстүңкү бетинин чоңдугуна ж-а касиетине көз каранды. Реакция активдүү аралык бирикмелер аркылуу жүрөт. Гетеро­гендүү реакцияларга, мис., аммиактын синтез­делиши, азот к-тасын өндүрүүдө аммиактын кычкылданышы ж. б. кирет. К. биол. система­ларда да өтө чоң ролду ойнойт. Тамак сиңирүү системасында, канда, жаныбарлардын ж-а адам­дын клеткаларында өтүүчү хим. реакциялардын көпчүлүгү катализдик реакциялар. Фермент­тер – катализаторлор, жөнөкөй же татаал бе­локтор болуп саналат. Шилекейдин курамында крахмалды кантка айландыруучу птиалин фер­менти бар. Ашказандагы пепсинфермент белок­ту ажыратууну катализдейт. Адам денесинде 30 миңге жакын ар түрдүү фермент бар; алар­дын ар бири тиешелүү реакциялардын натый­жалуу катализаторлору катары кызмат кылат.