КАСЫМ ХАНДЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАСЫМ ХАНДЫГЫ – Москва княздары түзгөн уделдик княздык. Ал орустарга кызмат кылуу­га өткөн татар хандары үчүн атайы түзүлгөн. 15-к-дын ортосунда Москва улуу князы Васи­лий II Тёмный Алтын Ордо ханы Улук-Мухам­меддин уулу, Казан ханзаадасы Касымхандын урматына Городец-Мещерскийди (Хан-Керман) Касым ш. деп атаган. К. х. мещера, мордва, та­тарлар ж. б. жашаган Ока д-нын аймагын (азыр­кы Рязань обл-нун түн.-чыгыш бөлүгү) ээлеген. К. х-нын падышасына орус жарандыгына өткөн, орус падышаларынын жактыруусуна ээ болгон гана татар ак сөөктөрү дайындалган. К. х-нын жеке династиясы болгон эмес. Көп учурда алар ханзаада деген эле наам м-н башкарышкан. К. х-на хандык наам 1570-жылдан баштап бе­риле баштаган ж-а ар кайсы мезгилде аны Чоң Ордо, Крым, Сибирь хандыктарына тийиштүү династиялардын өкүлдөрү башкарып, ага мусул­ман Чыңгыз тукуму гана укуктуу болгон. Ка­зан хандыгынын Орус мамлекетине кошулушу (1552) м-н К. х-нын бедели төмөндөп, иш жү­зүндө Москва воеводалары башкарып, падыша м-н ханзаадалар аскер кызматындагы жер ээлөөчүлөргө айланган. Иван IVнүн тушунда К. х. өзүнүн саясий маанисин жоготуп, 1681-ж. өкүмдары Фатами-Султан өлгөндөн кийин би­ротоло жоюлган.


Ад.: Вельяминов-Зернов В. В. Исследования о ка­симовских царях и царевичах. СПб., 1864; Бар­тольд В. В. Работы по исторической географии. Собр., Т. 3. М., 1965.