КАСЫМБЕКОВ Санжар

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАСЫМБЕКОВ Санжар (1902–1924) –

Кырг-нда Совет бийлигин орнотуу үчүн жигердүү күрөшүү­чүлөрдөн. М. Ф. Касымбе­ковдун уулу. 1917-ж. май айынан рев-ячыл ишке ка­тышкан. Анжиян мусулман жумушчулар м-н чайрыкер­лер кеңешинин аткомунда (1918, июнь), РКП(б)нин Ош шааркомунда (1918, август), Тү рк с т ан к райк омунда (1918, декабрь) иштеген. 1919-ж. октябрдан РКП(б)- нин Ош шаардык мусулман уюмунун төрагасы­нын орун басары, 1920-ж. февралдан Ош уезд­дик шааркомунун төрагасы болуп иштеген. Ан­жиянда Совет бийлигин орнотууга, Ташкентте­ги контррев-ячыл козголоңду басууга, Закаспий фронтундагы согушка катышкан. 1920-жылдан Түркстан фронтунун бүткүл россиялык дыйкан­дар ж-а токойчулар союзунун Самарканд обко­мунун төрагасы болуп иштеген. Басмачылар өлтүргөн.