КАСЫМААЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАСЫМААЛЫ Мамбет уулу, Касымаалы ажы (1862, Нарын өрөөнү, Суук-Капчыгай кыштоо­су – 1916, сентябрь – октябрь, азыркы На­рын ш.) – белгилүү манап, Ниязбек бийдин ту­куму, Нарын өрөөнүндө алгачкылардан болуп Кара-Булуңда медресе ачып, балдарды окууга тарткан ж-а аны бүткөндөргө Уфадагы «Галия» медресесинен билимин улантууга жардам бер­ген. Эсенкул болуштугун түзүүдө башкы демил­гечи болуп, бир нече жолу болуштукка шайлан­ган. Колониялык эзүүнүн күчөй баштаган мез­гилинде жерг. элди коргоп, падыша өкмөтүнө каршы үгүт-насыят иштерин жүргүзгөн. Үркүн башталар алдында Чүй ж-а Ысык-Көл өрөөнүнүн жетекчилери м-н байланыш түзүп, Нарын ай­магындагы көтөрүлүштү жетектеген. Көтөрүлүш жеңилгенде эл м-н бирге Кытайга качкан. Би­рок орус бийлигинин көтөрүлүшкө катышкан­дарга мунапыс берилет деген жалган убадасына ишенип, кайтып келген. 1916-ж. күзүндө аскер сотунун башчысы Бобровдун чечими, Нарын бөлүмүнүн башчысы Хохалёвдун буйругуна ыла­йык баласы Оруналы, көтөрүлүшкө катышкан Ч. Барманов, М. ж-а Б. Жетигеновдор м-н бир­ге дарга асылган.

Ж. Токтоналиев.