КАСЫЙДА
КАСЫЙДА – чыгыш элдеринин поэзиясындагы жанр. Формалык белгилери: көлөмдүүлүгү (20дан 200 бейтке чейин), аа, ба, ва, да... системасы б-ча уйкашкандыгы (монорифма), үч бөлүктүү композициядан тургандыгы. Адегенде К. мактоо ыры катары гана белгилүү болсо, 11–12-кдан К-нын филос. түрү да пайда болгон. Кыргыз поэзиясына ислам дини ж-а коңшу түрк элдеринин көркөм чыгармалары аркылуу кирген деп болжолдонот.