КАСТРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАСТРИ́ – Сент-Люсия мамлекетинин борбору, шаар. Кастри округунун адм. борбору. Сент-Лю­сия а-нын түн.-батыш бөлүгүндө, Кариб деңи­зинин жээгинде жабык бухтада жайгашкан. Калкы 9,9 миң (2008). Эл аралык аэропорту бар. Деңиз порту (жылына бир миң, а. и. круиздик кемелер тейленет). К. 19-к-дын башында анг­личандар тарабынан негизделген. 1814-жылдан Улуу Британия ээлигинин аймагында болгон (бул мезгилде Сент-Люсия расмий түрдө Брита­ния ээлиги деп жарыяланган). 1979-ж. чейин формалдуу түрдө гана адм. борбор деп эсептел­ген. 1979-ж. Сент-Люсия көз каранды эместик­ке ээ болгондон анын борбору. Собор (1894–1931), Ыйык Троица чиркөөсү, Вест-Индия ун-тинин филиалы бар. Соода кылуунун ири борбору. А. ч. азыктарын белендөөчү (лимон ширеси, ром, кант ж. б.) ж-а алкоголсуз суусундуктарды чы­гаруучу ишканалары иштейт. Кустардык жол м-н белек-бечкектер даярдалат. Жыл сайын жаз музыкасы фестивалы өткөрүлөт. Туризм (яхтинг, виндсёрфинг ж-а дайвинг) өнүккөн.