«КАСТАНЬЕ» МРАМОР ОНИКСИ КЕНИ
«КАСТАНЬЕ» МРАМОР ОНИКСИ КЕНИ Нарын р-нунда, Нарын ш-нан 4–5 км батышта, Ала- Мышык тоосунун түн. капталында. Кен аймагын карбон мезгилиндеги акиташ теги түзөт. Оникс карст процессинен пайда болгон Ала- Мышык үңкүрүндө жайгашкан. Үңкүр эңкейиштеп 163 мге созулат. Туурасы 4 мге, бийикт. 2,5 мге жетет. Оозу кууш (0,7х1,5 м). Мында оникс жайгашуусу б-ча 3 түргө бөлүнөт: 1) калыңдыгы 20 ммге жеткен күрөң, ачык күрөң, жездей сары ж-а чокморлошкон ак кабатчалар. Блоктуулугу 25х20х20 см; 2) сталактит-сталагмит түрүндө үңкүрдүн оозунан 40 м ары кездешет. Жездей сары, күрөң, ак тегерекчелерден турат. Кальциттин аппак майда тарамчалары учурайт. Блоктуулугу 15х15х15 см; 3) кораллит түрүндөгүсү үңкүрдүн орто ченинен орун алган. Жара кескенде кочкул кызыл, күңүрт күрөң, күрөң, ак, жездей сары кооз тегерекчелерден турат. Блоктуулугу 10х5х5 см. Оникстин бардык түрү өтө кооз, жакшы сайкалданат. Запасы 20 м3. Зергердик кооз буюмдарды жасаса болот.