КАССАНДРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАССА́НДРА – байыркы грек мифологиясын­да Троя падышасы Приамдын кызы. Аполлон К-га олуялык жөндөм берет, бирок өзүнүн сүйүү­сүнө жооп ала албаган Аполлон К-нын олуя­лыгына элди ишенбес кылып таштайт. Ошон­дон улам аялзаттын эң сулуусу Еленаны (Спар­танын падышасы Мелайдын жубайы) уурдоо­дон баш тарт деген К-нын эскертүүсүнө бир туу­ганы Парис да, троялыктар да ишенбей коюш­кан. Бул окуя Троя согушуна ж-а Троя өлкөсүнүн кыйрашына алып келген. Кыргыздын улуу жа­зуучусу Ч. Айтматов «Кассандра тамгасы» ро­манын жазууда байыркы грек мифологиясын­дагы К-га байланыштуу окуяларга кайрылган.