КАСАБА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАСАБА – 1) бир жак бети жарданып калган, кыр тарткан кар катмары; 2) к а с а б а м ө ң­г ү, а с ы л м а м ө ң г ү – бийик тоонун тик капталдарында жайгашкан мөңгү. Мөңгү тоо­нун этегине жетпей бүтөт, ошондуктан ал тоо капталында асылып же салаңдап тургандай көрүнөт. Асылма мөңгүлөр кургакчыл шарттар­да, тоолордо таралган. Көчкү ж-а муз көчкүлөр мүнөздүү. Тоо капталынын таманында муздар пайда болот. Асылма мөңгүлөр Теңир-Тоодо кез­дешет; 3) к а с а б а – асаба, байрак, желек,

туу.