КАРЫШКЫРЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРЫШКЫРЛАР (Canis) – жырткыч сүт эмүү­чүлөрдүн ит сымалдар тукумундагы уруусу. Дене уз. 70–160 см, куйругунун уз. 20–50 см. Бутта­ры узун, жылына 2 жолу түлөйт. 6 түрү Евра­зия, Африка, Америка, Гренландияда кездешет. КМШ өлкөлөрүндө 2 түрү бар. Жаныбарлар м-н азыктанат. Көбүнчө мал жайытында, талаа, чөлдө жашайт. Түсү сур, тундра К-ы куу, чөл К-ы саргыч. Өмүр бою жубу м-н, кээде кышкы­сын үйүр болуп жүрүшөт.

Ылаңдаган же өлгөн жаныбарды жеп, санитар ролун ат­к арат ; т аби гый биоценоздо туяк­туулардын санын жөнгө салып ту­рат . 62– 75 к үн көтөрүп, 3–13 (де­мейде 4–6) бөлтү­рүк тууйт. Бир ай­дан кийин аларды эт жегенге үйрө­төт. Күзүндө эле бөлтүрүктөр чоң­дор м-н кошо жа­шап, жаныбарларга кол салат. Мал чарбасына зыян келтирет.