КАРЫПКУЛОВ Аманбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРЫПКУЛОВ Аманбек (19. 6. 1939, Талас обл., Талас р-ну, Кара-Суу айылы – 15. 10. 2008, Бишкек) – философ, парт. ж-а мамл. ишмер, философия илимд. доктору (1983-ж.), проф. (1994), КР УИАнын академиги (2000), корр. мү­чөсү (1979), КРдин илим ж-а техника жаатын­дагы мамл. сыйл. лауреаты (1998). Талас айыл­дык кесипчилик-тех. окуу жайын (1957), Прже­вальск пед. ин-тун (1962) бүткөн. 1962–64-ж. Пржевальск пед. ин-тунда окутуучу, 1967–68-ж. КМУнун философия кафедрасында окутуучу, 1968–73-ж. Кырг-н КП БКнын илим ж-а ЖОЖ бөлүмүнүн инструктору, бөлүм башчынын орун



басары, 1973–83-ж. бөлүм­дүн башчысы, 1983–85-ж.

Кырг-н КП БКнын секрета­ры, 1985–86-ж. ФПИде ил. коммунизм кафедрасынын професс ору, 1986– 92-ж. Кыргыз педагогика ил.-из. ин-тунун жетектөөчү ж-а башкы ил. кызматкери, 1992–96-ж. Кыргыз энцик­лопедиясынын башкы ре­дактору ж-а аны м-н кошо 1994–96-ж. КР мамл. «Акыл» концернинин башкармасынын төра­гасы, 1996–2001-ж. КР улуттук телерадио к-ти­нин президенти, 2001–02-ж. КР Президентинин администрация башчысы, 2002–05-ж. КРдин Түркия ж-а Македониядагы атайын ж-а толук ыйгарымдуу элчиси, 2005–08-ж. КРСУнун Би­лим берүү ж-а мад-т борборунун директору бо­луп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин бир нече жолу чакырылышынын депутаты, Кыр­гыз ССР Жогорку Советинин төрагасы (1985). 80ден ашуун ил. эмгектин (а. и. 8 монография) автору. Эмгектери негизинен өнүккөн социа­лизмдин маданий жактан өнүгүү маселесине, со­вет элинин калыптануусунда илимдин ж-а жал­пы билим берүүнүн ролуна арналган. 2 Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган.


Эмг.: Народное образование в развитом социалисти­ческом обществе. Ф., 1982; Изучение русского языка и народное образование в Советской Киргизии (на англ. яз.). США, 1985; Өнүккөн социалисттик коомдо элге билим берүү. Ф., 1985; Интернациональное воспитание в средней школе в условиях обновления общества. Б., 1991.