КАРТОГРАФИЯЛЫК ПРОЕКЦИЯЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРТОГРАФИЯЛЫК ПРОЕКЦИЯЛАР – жер эллипсоидинин же жер шарынын бетин тегиз­дикке түшүрүүнүн матем. ыкмалары. К. п. жер эллипсоидинин бетиндеги ж-а тегиздиктеги че­киттердин координаталарынын өз ара көз ка­рандылыгын аныктайт. Эллипсоиддин (же шар­дын) бетин тегиздикке бүктөлүүсүз же үзбөй жаюуга мүмкүн болбогондуктан, тегиздикке тү­шүрүлгөн жердин айрым геом. касиеттерин кар­тада бурмалап көрсөтүүгө туура келет. Бурма­лап көрсөтүүлөрдүн мүнөзүнө карай тең бурчтуу, тең чоңдуктагы, эркин ж-а тең аралыктагы па­раллелдердин, меридиандардын түшүрүлүшүнө карата цилиндрдик, конустук, азимуттук, жал­ган конустук (псевдоконустук), жалган ци­линдрдик (псевдоцилиндрдик), шарттуу К. п-га бөлүнөт. Тигил же бул К. п-ды колдонуу карта­нын эмнеге арналышына, картага түшүрүлгөн аймактын конфигурациясына ж-а абалына жараша болот.