КАРТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́РТЕР (англ. catter)– машина же механизм­дин (кыймылдаткыч, редуктор, насос ж. б.) кый­мылсыз бөлүгү. Ал негизинен куту түрүндө жа­салып, жумушчу тетиктердин таянычы катары кызмат кылат ж-а машинаны же механизмди булгануудан сактайт. Мис., поршендүү кыймыл­даткычтын К-и муунактуу вал, цилиндр ж. б. тетиктердин таянычы болуп эсептелет. К-дин төмөнкү бөлүгү майлоочу майдын чогулткучу ка­тары пайдаланылат. К. чоюндан, ысытылып иш­тетилген болоттон, жеңил металлдан жасалат.