КАРТАЮУ
КАРТАЮУ – организмде жашка жараша закон ченемдүү өзгөрүүлөр жүрүп, анын ыңгайлануу мүмкүнчүлүктөрүнүн акырындап төмөндөшү. К-да адамдын териси жукарып, бырыш кирип, чачы агарат, түшөт, бою кичирейип, бүкүрөйөт. Адамдын ишке жөндөмдүүлүгү, психикасы ж. б. өзгөрөт. Түрдүү ички ж-а сырткы жагымсыз факторлор организмди тез картайтат (патол. картаюу). Физиол. К-нун алгачкы белгилери 60 жаштан кийин пайда боло баштайт. К. процесси ар кайсы органдар м-н ткандарда ар башка мезгилде жүрөт. Улгайгандарда орган м-н системалардын функциясы акырындап төмөндөйт, көздүн тунук кабыгынын тунаруусу күчөп, катаракта пайда болот, көрүү начарлайт, кулак каңырыштайт. Көкүрөк деформацияга учурайт (кифоз). Булчуңдардын күчү начарлайт, нерв, жүрөк-кан тамыр системасында өзгөрүүлөр байкалат. Борб. нерв системасынын атеросклерозунан болгон өзгөрүүлөрү акыл-эстин, мээнин начарлашына алып келет. Кан басымы бир аз жогорулайт, жүрөктүн кагуусу жайлайт. Улгайган сайын тамак сиңирүүчү ферменттердин активдүүлүгү, май, амин к-таларын, глюкозаны сиңирүү начарлап, боор иши төмөндөйт. Тиштер саргарып, түшөт. Аялда этек кир токтойт, эркекте сперматозоиддерди чыгаруу начарлайт. Муунда кыймыл азайып, остеопороз, остеохондроз пайда болот. К-ну ар түрдүү өнөкөт оорулар тездетет. Ошондуктан оорулардын алдын алуу эрте К-ну кечеңдетет. К-нун өөрчүшүндө тукум куугучтук чоң мааниге ээ. Жашы өткөн адамдарга гимнастика, туура тамактануу маанилүү, себеби анда энергия азыраак жумшалып,
зат алмашуу басаңдайт. Ошондуктан ферменттик системаларга күч келтирбей, тамакты аз ичүү керек.