КАРРАЧЧИ
КАРРА́ЧЧИ (Carracci) – итал. сүрөтчүлөрдүн үйбүлөсү. Академизм өкүлдөрү. Лодовико К. (19. 4. 1555, Болонья – 13 же 14. 11. 1619, ошол эле жер) ж-а анын ата өтүшкөн туугандары Агостино К. (15. 8. 1557, Болонья – 22. 3. –1602, Парма) ж-а Аннибале К. (3. 11. 1560, Болонья – 15. 07. – 1609, Рим) м-н бирге Коррежо– Микеланжело ж-а Тинторетто ж. б-дын ыкмаларын колдонуу м-н өз стилин жаратышкан. Болонья ш-нда акад. иск-вонун принциптерин иштеп чыгууда маанилүү роль ойногон «Туура жолго түшкөндөрдүн академиясын» түзүшкөн (1585-ж. чен). Алтардык сүрөттөрдүн монументтик композициясы б-ча жарашыктуу ж-а колорити б-ча шаңдуу жаңы түрүн жаратышкан («Мадонна

Баржеллини»– 1588; «Марияны даңазалоо»– 1592). Бир тууган К-лердин чыг-лыгы 17-к-дагы Европа иск-восунда 2 негизги багыттын – барокконун ж-а классицизмдин калыптанышына таасирин тийгизген.